Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, сел 7-июлда саат 16:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн.

Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аталган тилкеде жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактап, этият болууга чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды