Бишкекте балдар арабасы менен жүргөн ата-энелерге жол акысыз болушу мүмкүн

Бишкекте балдар арабасы менен жүргөн ата-энелерге жол акысыз болушу мүмкүн

Бишкек мэри Айбек Джунушалиев балдар арабасы менен коомдук транспортту пайдаланган ата-энелерди жол акысынан бошотуу боюнча пилоттук долбоорду бир айлык мөөнөттө ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Айбек Джунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен кеңешме өткөрүп, коомдук транспорт тармагындагы бир катар маселелерди талкуулады.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы балдар арабасы менен коомдук транспортту пайдаланган ата-энелер үчүн жол акысын төлөөдөн бошотуу механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Анын айтымында, тиешелүү жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин демилге бир айлык пилоттук режимде сыноодон өткөрүлүшү керек. Андан соң жыйынтыгы талданып, зарыл болсо Бишкек шаардык кеңешине тиешелүү чечимдин долбоору сунушталат.

Ошондой эле кеңешмеде коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасынын жыйынтыктары каралды. Учурда жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-июлунда системада 735 миң транзакция катталган. Накталай эмес төлөмгө өтүүнүн натыйжасында шаардык бюджетке күн сайын орточо 1 млн сом кошумча түшүүдө.

Мындан тышкары, контролёрлор жол акысын төлөөнү текшерүү боюнча рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп жатканы белгиленди.

Кеңешмеде түнкү автобус каттамдары да сөз болду. Учурда аларда күнүнө орточо 2 134 транзакция катталып, шаар тургундары тарабынан оң бааланып жатканы айтылды.

Мындан сырткары, шаар мэри Батыш автобекетинде жана "Бишкекавтобекети" муниципалдык ишканасынын аймагында транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды. Бул борбор калаага келген жарандардын жеке унаасын автобекетке калтырып, шаар ичинде коомдук транспорт менен жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Ошондой эле жайкы туристтик сезондо жүргүнчүлөрдүн суроо-талабын эске алуу менен Батыш автобекетинен №13 түнкү автобус каттамын уюштуруу демилгеси колдоо тапты.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн