Таласта 1 млрд сомдон ашык каражатка 28 чакырым жол курулууда

Таласта 1 млрд сомдон ашык каражатка 28 чакырым жол курулууда

Талас шаарында жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн эки жана төрт тилкелүү жолдордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бердике Баатыр, Атай Огонбаев, Оторбаев, Мырзалиев, Осмонкулов, Турдалиев, Шеркулов, Шамбетов, Манас, Үмөт Молдо, Мадиев жана Чубак Сатаев көчөлөрүндө жол куруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Бул масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга Президенттин турукташтыруу фондунан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Мындан тышкары, 2024-2025-жылдары Талас шаарында жалпы 30 чакырым жол жана 56 чакырым жөө адамдар үчүн тротуар курулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды