Түндүк–Түштүк жолундагы "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди

Түндүк–Түштүк жолундагы "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол акысын төлөө накталай эместартипте жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.

"Көк-Арт" туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп саналат. Анын узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт. Туннелди үзгүлтүксүз тейлөө үчүн жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жана авариялык байланыш системалары күнү-түнү иштеп турушу зарыл.

Министрлик белгилегендей, төлөмдөр Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы №134 токтомуна ылайык алынат. Чогулган каражаттар туннелди жана жолду тейлөөгө, оңдоого жана коопсуз пайдаланууну камсыздоого жумшалат.

Жол акысынын өлчөмү:

  • М1 (жеңил автоунаалар) – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн – 200 сом;
  • М2 (5 тоннага чейинки кичи автобустар) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
  • N2/Т5 (3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
  • М3/N2 (автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар) – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
  • N3 (12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар) – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
  • N3O3, Т4/2, N3O4 (чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар) – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.
Мындан тышкары, төлөм алуу пунктунда 8 кыймыл тилкеси уюштурулуп, транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо жана жол тыгындарын азайтуу каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн