Түштүк магистралынын Шопоковго чейинки тилкеси качан ачылат?

Түштүк магистралынын Шопоковго чейинки тилкеси качан ачылат?

Күн мурун Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Шопоков шаарында Түштүк магистралын шаарга чейин узартуу боюнча курулуп жаткан жол тилкесиндеги иштердин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан бщлдиришти.

Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат. Объектти ушул жылдын август айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Жеринде өткөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев курулуш иштеринин жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү маанилүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, долбоор ишке ашкандан кийин транспорттук байланыш жакшырып, учурдагы жол тармагына түшкөн жүк азаят. Мындан сырткары, Чүй облусунун тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол инфраструктурасы түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун