Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу текшерилди

Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу текшерилди

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Президент С.Жапаровдун тапшырмасынын алкагында Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө жолдун негизги тилкелеринде жана тоннелдерде аткарылып жаткан иштер каралып, подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

Бүгүнкү күндө №1 туннелде (Сөөк) негизги туннелди казуу иштери 75,8 метрден 365 метрге чейин, ал эми пилоттук туннелди казуу 155,3 метрден 466,2 метрге чейин алдыга жылды. №2 туннелде (Ашуу-Суу) негизги туннелди казуу 19,2 метрден 270,2 метрге чейин, пилоттук туннелди казуу болсо 76,8 метрден 361,4 метрге чейин узартылды.

Жалпы узундугу 161 чакырым болгон унаа жолдун бардык тилкелеринде курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Объектте 1 700дөн ашык жумушчу эмгектенип, 814 бирдик атайын техникалар тартылган.
Подрядчы компанияга курулуш иштерин бекитилген графикке ылайык жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, коопсуздук талаптарын так сактоо жана бардык зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Барскоон – Бедел унаа жолу Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, чек ара аймактарынын жана жалпы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон