Быйыл Сокулукта 58,8 км жол асфальтталат

Быйыл Сокулукта 58,8 км жол асфальтталат

2026-жылдын планына ылайык, Сокулук районунда жалпы узундугу 58,8 чакырым жолду асфальттоо каралган. Учурда аталган райондо бир катар маанилүү жол тилкелеринде курулуш жана оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымын жасоо каралган, бүгүнкү күнгө карата анын 3 чакырымы асфальтталды. Ошондой эле Бишкек – Күнтуу – Шопоков автомобиль жолунун 12,4 чакырымын оңдоо иштери жүрүп жатат. Луговое-Ат-Башы канал унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүп башталды.

Мындан сырткары, Романовка – Камышановка автомобиль жолунун 5 чакырымы, ошондой эле Восточная – Жаңы Пахта жолунун 5 чакырымы оңдолууда. 

Белгиленген объектилерден тышкары, Сокулук районунун башка калктуу конуштарында да жолдорду оңдоо, куруу жана инфраструктураны жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз улантылып, жол тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш