Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу жана реконструкциясы жүрүп жаткан бир катар жол объектилерин кыдырып, долбоорлордун аткарылышы жана мөөнөтүнө таасир эткен көйгөйлөр менен жеринен таанышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 чакырымды түзгөн жаңы жол жана көпүрө курулуп, эки маанилүү шаардык магистралды бириктирет. Долбоор борбордун түштүк бөлүгүндөгү транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле Муромский көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки, Сухэ-Батор көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейинки жана Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкелери да текшерилди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө инженердик тармактарды жана канализацияны куруу, жол иштеринин сапаты, сырткы жарыктандыруу, ошондой эле курулуш аймагындагы объектилер боюнча маселелер каралды. Бир катар көйгөйлөр подрядчы уюмдардын жана тиешелүү шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде чечилди.

Жыйынтыгында Айбек Джунушалиев подряддык уюмдарга жана жооптуу кызматтарга курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү, сапатын камсыз кылууну жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен шаарында жолдор төрт тилкеге кеңейтилүүдө

Жалал-Абад облусу боюнча 16 объект пайдаланууга берилди

Бишкекте курулуш ишканасына кайрадан 200 миң сом айып салынды

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт