Суусамыр – Талас – Тараз жолунун курулушу жеринде текшерилди

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун курулушу жеринде текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы жол чарба ишканаларынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыйында жолдорду өз убагында оңдоо жана күтүү, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана атайын техникаларды натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу милдети коюлду.

Иш сапардын жүрүшүндө Тариэль Жаныбеков Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 91,7-чакырымындагы реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуштун сапатын жана темпин күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, Чолпонбай айылына алып баруучу унаа жолунун курулушу да текшерилип, долбоорду белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча жооптуу тараптарга конкреттүү көрсөтмөлөр берилди.

Министрлик өлкөдөгү стратегиялык мааниге ээ жол долбоорлорунун аткарылышын туруктуу көзөмөлдөп, жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштерин улантарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга