Түндүк айланма жолунда курулуш иштери түнкүсүн да уланууда

Түндүк айланма жолунда курулуш иштери түнкүсүн да уланууда

Түндүк айланма жолунун курулушу эки нөөмөттө жүрүүдө. Жолду өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү үчүн куруучулар түнкү убакта да иш алып барып жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында төрт жана алты тилкелүү заманбап автожол курулууда.

Аталган жол Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда курулуштун бардык баскычтары графикке ылайык аткарылып, иштердин сапаты жана жүрүшү туруктуу көзөмөлдө кармалууда.

Түндүк айланма жолунун пайдаланууга берилиши шаардагы транспорттук агымды жөнгө салып, жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрү күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди

Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды

Финансы министрлигинин 51 аймактык бөлүмүнүн жетекчилери квалификациясын жогорулатууда

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда