"Түндүк–Түштүк" унаа жолунун Сары-Булуң тилкеси түнкүсүн жабылат

"Түндүк–Түштүк" унаа жолунун Сары-Булуң тилкеси түнкүсүн жабылат

Үстүбүздөгү жылдын жай-күз мезгилинде "Түндүк–Түштүк" альтернативдүү унаа жолунун Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Булуң тилкесинде түнкү убакытта унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган тилке күн сайын кечки саат 20:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин жабык болот.

Маалыматта белгиленгендей, чектөө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилген.

Буга байланыштуу Ош облусунан Ысык-Көлгө жол тартууну пландап жаткан жарандарга каттамын алдын ала пландаштырып, жолдун жабылуу убактысын эске алуу сунушталды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп,
көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди

Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды

Финансы министрлигинин 51 аймактык бөлүмүнүн жетекчилери квалификациясын жогорулатууда

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда