Жогорку Кеңеш эс алуудан кийин ишин баштады

Саясат

Жогорку Кеңеш эс алуудан кийин ишин баштады

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштады.  Бүгүн, парламенттин жыйыны өтөт, ал эми комитеттер толук кандуу ишин келерки жумада баштайт. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин билдирген. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом

Сапар Акунбеков
ДКО-2026: майыптыгы бар адамдарга 100гө жакын кызматкер көмөктөшөт

Коом

ДКО-2026: майыптыгы бар адамдарга 100гө жакын кызматкер көмөктөшөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарга көмөк көрсөтүүгө тартылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин адистер консультация берип, иш-чаралар өтүүчү аймакта багыт алууга жана жүрүп-турууга көмөктөшөт. Майыптар арабасын колдонгон адамдар үчүн

Айгерим Качкынбекова
Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Коом

Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Манас шаарында "Жылуулук" муниципалдык ишканасы жылуулук тутумун жаңылоо иштеринин алкагында 12 даана жаңы үлгүдөгү отказанды орнотуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отказандардын 11и Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен, ал эми 1 отказан жергиликтүү казынанын эсебинен алынган. Долбоордун жалпы баасы 20

Уулжан Бейшенбекова
Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштады

Транспорт

Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштады

2-сентябрда Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген. 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы узарган. Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу

Сапар Акунбеков
Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү

Коом

Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал районунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз багуу фактысы боюнча маалыматты текшеришти. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө жергиликтүү тургун эликтин чаарчыгын мыйзамсыз багып жүргөнү аныкталды. Жаныбардын ден соолугунун абалын аныктоо үчүн ветеринардык адис тиешелүү кароо жүргүздү. Жыйынтыгында чаарчыктын жалпы абалы

Уулжан Бейшенбекова
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкө экономикасына 100-120 миллион киреше алып келет

Экономика

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкө экономикасына 100-120 миллион киреше алып келет

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө болжол менен 200 миң туристти күтүүдө.  Туризм агенттигинин маалыматына караганда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109дан ашык өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин баамында, бул иш-чара 5-6 күндүн ичинде өлкөнүн экономикасына 100–120 миллион доллар киреше алып келет. Эске салсак, Дүйнөлүк

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Египет экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Экономика

Кыргызстан менен Египет экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн келген Египеттин премьер-министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары Хуссейн Эйсса менен жолугушту. Экономика министрлигин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-египет кызматташтыгын: өз ара соода жүгүртүүнү, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү жана инвестицияларды

Уулжан Бейшенбекова
Таластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттолууда

Экономика

Таластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттолууда

Талас облусунун Манас районунда "Ласточка" сортундагы болгар калемпирин жыйноо иштери башталды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык райондо аталган өсүмдүк 1 350 гектар аянтка эгилген. Учурда түшүм жыйноо иштери активдүү жүрүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 200-250 центнерди түзүүдө. Манас району Талас облусунда айыл чарбасы өнүккөн аймактардын бири. Райондогу жалпы

Айгерим Качкынбекова
ИИМ коомдук коопсуздукту санариптик камералар аркылуу көзөмөлдөөдө

Коом

ИИМ коомдук коопсуздукту санариптик камералар аркылуу көзөмөлдөөдө

Ички иштер министрлиги өлкөдө өтүп жаткан ири иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн санариптик видеокамераларды колдонууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, видеокамералар коомдук жайлардагы абалды көзөмөлдөөгө жана коопсуздукту камсыздоого багытталган. Аталган видеокөзөмөл системасы "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында ишке киргизилген. Долбоор ИИМдин коомдук коопсуздукту камсыздоо

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстандын жарандары Таиландда 30 күн визасыз жүрө алышат

Кызыктуу

Кыргызстандын жарандары Таиландда 30 күн визасыз жүрө алышат

Кыргызстандын жарандары эми Таиландга 30 күнгө чейин визасыз бара алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга визасыз кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тартип жөнөкөй жарандык паспорт ээлерине тиешелүү. Кыргызстан Таиландга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн жана аймактардын жаңы тизмесине

Сапар Акунбеков
Нурлан Ермекбаев: Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы масштабдуулугу жана чыгармачыл демилгелери менен өзгөчөлөндү

Саясат

Нурлан Ермекбаев: Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы масштабдуулугу жана чыгармачыл демилгелери менен өзгөчөлөндү

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусуна жогорку баа берди. Ал Кыргызстандын төрагалыгы масштабдуулугу жана чыгармачыл демилгелери менен өзгөчөлөнгөнүн белгиледи. Төрагалык мезгилде Кыргызстанда 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында жалпысынан 460тан ашык ар кандай деңгээлдеги иш-чара уюштурулган. Кыргызстандын төрагалыгы учурунда

Сапар Акунбеков
Интернетке тараган видеодон кийин Арал коктусу таштандыдан тазаланды

Коом

Интернетке тараган видеодон кийин Арал коктусу таштандыдан тазаланды

Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы Арал коктусуна мыйзамсыз ташталган курулуш жана башка таштанды калдыктары тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, интернет булактарына тараган видеонун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жеринде ыкчам кароо иштерин жүргүзгөн. Анын алкагында атайын

Айгерим Качкынбекова