Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт
Сауд Арабиянын авиа компанияларынын бири Flynas – Кыргызстанга үзгүлтүксүз авиа каттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, аталган компания жакынкы күндөрдө КРнын рыногун көрүп чыгуу үчүн атайын делегация жиберет. Бул тууралуу Марипов Flynas ишканасынын директорунун орун басары Аль-Моханна менен жолугушуу учурунда