Коом
Хантавируска каршы машыгуу өткөрүлдү
Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө кооптуу инфекция коркунучун жөнгө салуу боюнча атайын машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 13-майда Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө коркунучтуу инфекцияга, анын ичинде хантавируска шектелген учурларга жооп кайтаруу боюнча штабдык машыгуу өткөрдү. Машыгуунун жүрүшүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, эл