Президент дыйкандарды берилген насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды
Бүгүн, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында, дыйкандарга кайрылып, арзан пайыз менен берилип жаткан насыяларды максаттуу пайдаланууга, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууга чакырды. Жапаров мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштаганын, дыйкандар аны 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан ала баштаганын жана насыялар «Айыл