акыркы жаңылыктар

Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом

Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ 2-5-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жана суу ташкыны коркунучу бар экенин эскертти. Жарандарга дарыя жээктерине жакын барбоо жана зарылчылык болбосо тоого чыкпоо сунушталды.  Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 бирдиктүү шашылыш кызматына кайрылуу керек. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Саясат

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаров жана Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин кеңейтилген курамдагы жыйынынан кийин бир катар документтерге кол коюлду. Алар Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгын экономика, ички иштер, саламаттык сактоо, илим, билим, виртуалдык активдер, электрондук коммерция жаатында, ошондой эле Ош шаары менен Лахор шаарынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого

Сапар Акунбеков
Кыргызстандын табигый токой азыктары эл аралык рынокко жол алууда

Экономика

Кыргызстандын табигый токой азыктары эл аралык рынокко жол алууда

Токтогул токой чарбасынын директору Анарбек Солтоев Монголияда өткөн "Organic Expo-2026" эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын табигый токой азыктарын тааныштырды. Токой кызматынан билдиришкендей, көргөзмөдө өлкөнүн таза өндүрүмдөрүн эл аралык рынокко чыгаруу жана жаңы өнөктөштөрдү тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Иш сапардын алкагында Монголиянын адистери менен жолугушуулар өтүп, токойлорду туруктуу башкаруу, жыгач

Уулжан Бейшенбекова
Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кылып бекитти

Саясат

Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кылып бекитти

2-сентябрда Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди. Бул маселе парламенттин жыйынында каралды. Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев депутаттардын кароосуна президенттин сунушун жана талапкер тууралуу маалымат берди. Талкуудан кийин депутаттар тиешелүү токтомду кабыл алып, Асаналиевдин УКМКнын

Сапар Акунбеков
Таласта 6 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды

Коом

Таласта 6 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды

Талас районунда 6 жаран ок атуучу куралдарын кайтарымсыз түрдө өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюштурулган алдын алуу иш-чарасында каттоодо турган тургундардын ок атуучу куралдарды сактоо шарттары көзөмөлгө алынууда. Текшерүүдө 1 жарандын куралды каттоо мөөнөтүн бузгандыгы аныкталды. Анын

Уулжан Бейшенбекова
Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуусу болду

Саясат

Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуусу болду

2-сентябрда, Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Салтанаттуу иш-чара президенттик администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратынын алдында өтүп, анда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн. Жогорку даражалуу

Сапар Акунбеков
Жогорку Кеңеш эс алуудан кийин ишин баштады

Саясат

Жогорку Кеңеш эс алуудан кийин ишин баштады

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштады.  Бүгүн, парламенттин жыйыны өтөт, ал эми комитеттер толук кандуу ишин келерки жумада баштайт. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин билдирген. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом

Сапар Акунбеков
ДКО-2026: майыптыгы бар адамдарга 100гө жакын кызматкер көмөктөшөт

Коом

ДКО-2026: майыптыгы бар адамдарга 100гө жакын кызматкер көмөктөшөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарга көмөк көрсөтүүгө тартылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин адистер консультация берип, иш-чаралар өтүүчү аймакта багыт алууга жана жүрүп-турууга көмөктөшөт. Майыптар арабасын колдонгон адамдар үчүн

Айгерим Качкынбекова
Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Коом

Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Манас шаарында "Жылуулук" муниципалдык ишканасы жылуулук тутумун жаңылоо иштеринин алкагында 12 даана жаңы үлгүдөгү отказанды орнотуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отказандардын 11и Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен, ал эми 1 отказан жергиликтүү казынанын эсебинен алынган. Долбоордун жалпы баасы 20

Уулжан Бейшенбекова
Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштады

Транспорт

Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштады

2-сентябрда Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген. 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы узарган. Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу

Сапар Акунбеков
Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү

Коом

Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал районунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз багуу фактысы боюнча маалыматты текшеришти. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө жергиликтүү тургун эликтин чаарчыгын мыйзамсыз багып жүргөнү аныкталды. Жаныбардын ден соолугунун абалын аныктоо үчүн ветеринардык адис тиешелүү кароо жүргүздү. Жыйынтыгында чаарчыктын жалпы абалы

Уулжан Бейшенбекова
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкө экономикасына 100-120 миллион киреше алып келет

Экономика

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкө экономикасына 100-120 миллион киреше алып келет

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө болжол менен 200 миң туристти күтүүдө.  Туризм агенттигинин маалыматына караганда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109дан ашык өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин баамында, бул иш-чара 5-6 күндүн ичинде өлкөнүн экономикасына 100–120 миллион доллар киреше алып келет. Эске салсак, Дүйнөлүк

Сапар Акунбеков