Коом
Чолпон-Атада жаңы административдик имарат курулуп жатат
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында аймактык башкармалыктын жаңы административдик имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев облуста иш сапары менен болуп, курулуштун жүрүшү менен таанышкан. Имараттын жалпы аянты 251,91 чарчы метрди түзөт. Анда жыйындар залы, кабылдама, күтүү залы, архив, бирдиктүү