Банктар
Кыргызстан санарип валютасын чыгарат
Президент Садыр Жапаров бүгүн Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конланды кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары негизинде санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өлкө башчы билдиргендей, учурда Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы сомго байланган KGST санариптик активин иштеп чыгууда.