Коом
Ысык-Көлдө архитектура башкармалыгынын имаратынын курулушу аяктап калды
Каракол шаарындагы Коенкөзов 1 дарегинде Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы үчүн жаңы эки кабаттуу имараттын курулушу соңку этабына келди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 703,95 чарчы метр аянтты ээлеген имараттын биринчи кабатында “бирдиктүү терезе”, архитектура-курулуш