Транспорт
Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
Чүй облусунда туристтик мааниге ээ Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн жолдун 16-20-чакырымдарында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жол боюндагы тирөөч дубалдарды жана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдү