Айгерим Качкынбекова

"Асман шаар" долбоорун Кытайда таанытуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Экономика

"Асман шаар" долбоорун Кытайда таанытуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Nanjing Huayuan Cultural Technology Development Co., Ltd. компаниясынын башкы директору, ошондой эле Tianshan Investment жана Silk Road Construction компанияларынын өкүлдөрү катышты. Тараптар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүү жана эки тараптуу инвестициялык кызматташууну кеңейтүү

Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди

Коом

Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын алкагында ал Бакай-Ата жана Покровка айылдарында жайгашкан майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн ыңгайлашкан социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда аталган

Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Коом

Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Присавай айылындагы №128 Тентибай Кадырбаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү көп жыл мурда салынган мектеп имаратынын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында

Ысык-Көлдө "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толугу менен жаңыланат

Энергетика

Ысык-Көлдө "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толугу менен жаңыланат

Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоо иштерин улантууда. Бул алкакта узундугу 80 чакырымды түзгөн 110 кВ "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толук реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган аба чубалгы Каракол шаарын, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун электр энергиясы менен камсыз кылып келет. Долбоор ишке ашкан соң

Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда

Транспорт

Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунун Арал–Казарман участогунун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкөн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Тазалоо иштерин №18 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда бул тилкеде унаалар үчүн бир тараптуу каттам уюштурулган. Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ош–Сары-Таш–

Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек

Экономика

Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек

Кыргызстандыктар Европада ишке расмий орноштурган программаларга көбүрөөк кызыга баштаган чакта шылуундар да жөн жатышкан жок. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) эксперттери социалдык тармактарга чыккан жана мессенжерлерден келген шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке маалыматтарды белгисиз адамдарга бербөөгө үндөп, расмий сайттар жана лицензиясы бар операторлор аркылуу гана ишке орношуу керектигин эске салышат.  Жакшы

Өлкөдөгү негизги ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз

Транспорт

Өлкөдөгү негизги ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз

Бүгүн эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо, ашууларда жол ачык, чектɵɵлɵр жок. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, кээ бир тилкелеринде туман каптап,жол жакшы

Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант тартылат

Гранттар жана кредиттер

Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант тартылат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы — “K-water” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Джун, ошондой эле менеджерлер Ким На Рэ жана Но Джэ Гён катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Коом

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып,

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Экономика

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV)

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Бийлик

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Коом

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселелерине арналган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө каттоону сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду