Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант тартылат

Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант тартылат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы — “K-water” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Джун, ошондой эле менеджерлер Ким На Рэ жана Но Джэ Гён катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош шаарынын таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу системасына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Долбоордун жалпы баасы 10 миллион АКШ долларын түзүп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.

Долбоордун алкагында Өзгүр суу тазалоочу станциясын модернизациялоо, ошондой эле шаардагы суу менен камсыздоо системасын санарип жана “акылдуу” башкаруу технологияларына өткөрүү каралууда.

Мындан тышкары, мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны жаңылоо маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Бул демилге Ош шаарынын суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук илимдер академиясына жаңы жетекчи тааныштырылды

Улуттук илимдер академиясына жаңы жетекчи тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук илимдер академиясынын жамаатына ведомствонун жаңы президенти Бекмамат Женбаевди тааныштырды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн маалымдады. Улан Маматканов Мамлекет башчысы тарабынан Улуттук илимдер академиясын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал Улуттук илимдер академиясынын өлкөнүн маанилүү илимий борбору катары

Ноокаттагы Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт

Ноокаттагы Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт

Быйыл Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагындагы жолдорду оңдоого 7,5 миллион сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп, айылдын жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. “Бул каражат тургундардын жашоо-шартын жакшыртып, ички жолдордун абалын оңдоого

Садыр Жапаров иш сапары менен Казактанга барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Казактанга барды

Президент Садыр Жапаров 15-майда, иш сапары менен Казакстанга барды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Мамлекет башчысынын учагы Түркстан шаарындагы Хазрет Султан атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторунда ТМУга мүчө-мамлекеттердин туулары

Баткенде энергетиктер үчүн жаңы имарат салынууда

Баткенде энергетиктер үчүн жаңы имарат салынууда

Энергетика министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан модернизациялык иштердин алкагында, энергетика тармагын жаңылоо жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү багытында Баткен облусунда бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен РЭТинин “Бужум” участогунун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда,