Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек
14-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара урушунда талкаланган үйлөрдү куруу, Баткен районунун аймагындагы инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоо жана социалдык объектилерди оңдоо маселесин карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамкурулуштун директорунун орун басары Азирет Акимовдун айтымында, 2022-жылы Баткен облусунун Тажикстандын чек арага кол салуу кесепетинен 638 турак-жай