Коом
Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу текшерүүгө алынды
7-январда КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдагандай, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, “China Road”