Транспорт
МинКаб айрым компанияларга кузовдорду алып кирүүгө уруксат берди
Буга чейин Министрлер Кабинети №633 токтом менен автоунаалардын кузовдорун Кыргызстанга 6 айга чейин алып кирүүгө тыюу салганын маалымдаганбыз. МинКаб эми мындай чектөөнү айрым компаниялардан алып салды. Алар: “ДТ Техник” ЖЧКсы, “Шумкар” трансулуттук корпорациясы” ААКсы, Кытай-Кыргызстан биргелешкен “Жису” автомобиль өнөр жай ЖЧКсы, “Шунфа”, “Мурат Авто”, Кыргыз Унаа Курулуш”, Меридиан Голд” ишканалары.