Коом
«Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» белгиленет
Кыргызстанда 27-октябрдан 31-октябрга чейин «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2025» маалыматтык-билим берүү иш-чарасы өткөрүлөт. Мындай маалыматты Улуттук банктын Финансылык сабаттуулук бөлүмүнөн кабарлашты. Бул масштабдуу иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу маселесине буруу, каражат топтоону өнүктүрүү, финансылык коопсуздукка үйрөтүү жана алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуу жөнүндө