Коом
Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн.