Экономика
ЕАЭБде жалпы финансы рыногун түзүүнүн негизги ыкмалары бекитилди
Евразия экономикалык жогорку кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин жалпы финансы рыногун түзүү жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча негизги ыкмаларды аныктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Кабыл алынган чечим экономикалык интеграцияны тереңдетүү менен бирге улуттук финансы системаларынын туруктуулугун жана корголушун камсыздоого багытталган. Чечимдин өзөгүн дифференцияланган жөнгө салуу ыкмасы