Коом
УКМК көмүрдүн баасын жасалма кымбаттатууга жол бербестигин эскертти
УКМК тарабынан, Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкөмүр» ААКнын инвесторлору, отун кампаларынын ээлери, ортомчулар жана сатуучулар менен жыйын өткөрүлдү. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында Ош облусунун калкын отун менен камсыздоо боюнча учурдагы түзүлгөн кырдаал жана аймактын жашоочуларынын нааразычылыгын жаратып