Экономика
Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү
2025-жылы электрондук визалардын бардык түрлөрүнөн жана Бирдиктүү уруксаттан түшкөн жалпы киреше 5 млрд 60 млн 167 миң 948 сомду түзгөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу чет өлкөлүк жарандарга резидент-карталарды берүү боюнча өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында 326 миң 158 электрондук виза таризделген.