Коом
Жер мунапысы боюнча комиссия Биринчи май району боюнча 66 арызды жактырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иштер үзгүлтүксүз улантылууда. Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер амнистиясына туш болгон объекттер боюнча арыздарды кароону улантып