Коом
Ош шаарында суу коргоо тилкесин бузган ишканага 130 миң сом айып салынды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы “Фирма МПА” ЖЧКсынын “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз жайгашканын аныктады. Текшерүү учурунда, компаниянын суу коргоо зоналарынын талаптарын сактабаганы белгилүү болду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына