Мелис Совет уулу

Бишкек
Кытай 1110 миллиардери менен кайрадан дүйнөдөгү эң бай өлкө болду

Кызыктуулар

Кытай 1110 миллиардери менен кайрадан дүйнөдөгү эң бай өлкө болду

Кытай кайрадан дүйнөдөгү миллиардерлери көп өлкө болгонун South China Morning Post басылмасына таянып, Kazinform билдирди. Hurun Global Rich List рейтингине ылайык, Кытайда миллиардерлердин саны 1110 адамга жетти. Бул дүйнө боюнча катталган 4020 миллиардердин эң чоң үлүшү болуп саналат. Бир жыл ичинде өлкөдө алардын саны 287 адамга көбөйгөн. Адистер мунун негизги

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Коом

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине ар кандай мүмкүнчүлүктөр жана колдоо чаралары каралганын "Биринчи радио" эфиринде Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин(ИЖБИМ) башкы адиси Айзат Маматкеримова билдирди. Анын айтымында, республикада жалпысынан 85тен ашык жогорку окуу жайы иштейт, анын ичинде 30 мамлекеттик мекеме бар. Мурда мамлекет

Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди

Экономика

Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди

5-мартта Эмгек министрлигине караштуу республикалык протез-ортопедия борборунда 3D-сканер жана 3D-принтердин презентациясы өттү. Бул жабдуулар француздук өндүрүштөгү жана модернизация планынын алкагында алынган. Бул жабдуулар республикалык бюджеттен 45 850 еврого алынган. Протездөөдө 3D-технологияны колдонуу КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу киргизилип жатат. Мекеме 13 миңден ашуун майыпты тейлейт. Алардын ичинен: * Буттун ылдыйкы бөлүгүнө протез

АКШ Индияга россиялык мунайды убактылуу алууга уруксат берди

Экономика

АКШ Индияга россиялык мунайды убактылуу алууга уруксат берди

АКШ Индияга россиялык мунайды сатып алууга убактылуу уруксат берди, бирок бул чара 30 күнгө гана жарактуу экенин өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди. Министрликтин башчысы Скотт Бессент билдиргендей, АКШнын Финансы министрлиги дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн ушундай чечим кабыл алган. Анын айтымында, уруксат деңиздеги танкерлерде жүргөн мунайга гана тиешелүү. Ошондуктан

Apple компаниясы эң арзан ноутбук –599 долларлык MacBook Neoну чыгарды

Кызыктуулар

Apple компаниясы эң арзан ноутбук –599 долларлык MacBook Neoну чыгарды

Apple компаниясы тарыхындагы эң арзан ноутбук — MacBook Neo моделин тааныштырды. Техникалык жактан алганда, MacBook Neo — бюджеттик ноутбук. Көптөгөн параметрлери боюнча ал күчтүүрөөк жана батареясы узагыраак иштеген кымбат моделдерден артта калат. Ноутбук алюминий корпуста чыгарылган. Түстөрү: ачык кызгылт, кочкул көк, күмүш түстүү жана жаңы ачык сары. Салмагы — 1,2 кг. Экран

Өзбекстанда женьшень өстүрүлөт

Кызыктуулар

Өзбекстанда женьшень өстүрүлөт

Өзбекстан өлкөсүндө биринчи жолу женьшень өстүрүлөт. Эксперименталдык отургузуулар Бостанлык району (Ташкент облусу) жана Кашкадарья облусунун тоо этектериндеги райондорунда жүргүзүлөрүн Podrobno.uz жазды. Мындай макулдашууга Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен FDfive компаниясынын жетекчиси Чун Хун Донгтан шаарында өткөн жолугушууда келишкен. Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле туз баскан жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, климаттык шарттарга

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске 6%дык жеңилдетилген насыялар берилет

Бийлик

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске 6%дык жеңилдетилген насыялар берилет

Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес чөйрөсүнүн саясаты башкармалыгынын башчысы Аким Насиров бүгүн чакан жана орто бизнести колдоо программасы тууралуу маалымат берди. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө: * 20 миңден ашык чакан жана орто ишкана, * 496 миңге жакын жеке ишкер иш алып барууда. Чакан жана орто бизнестин үлүшү ИДПны 51,7%ды

Кытай бензин экспортун убактылуу токтотууну буйруду

Экономика

Кытай бензин экспортун убактылуу токтотууну буйруду

Кытай бийлиги жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдордон автомобилдик бензин жана дизелдик күйүүчү майды экспорттоону убактылуу токтотууну талап кылганын Bloomberg агенттиги жагдайдан кабардар булактарга таянып билдирди. Маалыматка караганда, Пекиндин мындай чечими Жакынкы Чыгыштан чийки мунай жеткирүүдөгү үзгүлтүктөргө байланыштуу кабыл алынган. Бул көйгөйлөр Ирандагы согуштук кырдаалдан улам пайда болгон. Кытай бийлиги бензин менен

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

Экономика

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган. "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Экономика

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Келечектүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо тартиби жөнүндө" буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Бул программа президенттин жарлыгы менен бекитилген. Долбоор инновациялык долбоорлорду тандоо жана колдоо үчүн, ошондой эле министрликтин

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Экономика

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөгөн дыйкандарга 2% менен 500 млн сом насыя берилерин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Агроэкспо-2026" көргөзмөсүндө билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы шартында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Коом

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы Ош эл аралык аэропортунда аныкталган. Такталган маалымат боюнча, өлкөгө жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын буюмдар — шакек, сөйкө жана чынжырлар коштоочу документтерсиз