Сапар Акунбеков

Майлуу-Суу шаарынын көчөлөрүн сел каптады

Коом

Майлуу-Суу шаарынын көчөлөрүн сел каптады

13-июлда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Майлуу-Суу шаарындагы айрым ички көчөлөрдү сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырдаал менен жеринен таанышуу үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу окуя болгон жерге барып, тиешелүү кызматтар

Сапар Акунбеков
2,9 миңден ашуун майыптыгы бар жаран дарылоодон өттү

Коом

2,9 миңден ашуун майыптыгы бар жаран дарылоодон өттү

Жыл башынан бери 2,9 миңден ашуун майыптыгы бар жаран санаторий-курорттук дарылоодон өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, майыптыгы бар жарандарды санаторий-курорттук дарылоо менен камсыздоо боюнча иштерди улантууда. 2026-жылдын 1-июлуна карата санаторий-курорттук дарылоодон 2 906 кызмат алуучу өттү.  Анын

Сапар Акунбеков
Мыйзамсыз телефон ташыган салык кызматкери кармалды

Коом

Мыйзамсыз телефон ташыган салык кызматкери кармалды

УКМК Бишкекте мыйзамсыз ташылып келип, сатылып жаткан уюлдук телефондорго байланышкан трансулуттук топтун ишин токтотту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бажы жана салык көзөмөлүнөн жашырылган ири партиядагы телефондор алынган. Тергөө учурунда чет өлкөлүк жаран жана Салык кызматынын кызматкери кармалды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иликтөө уланууда.

Сапар Акунбеков
Базар-Коргон – Арстанбап жолу сел калдыктарынан тазаланды

Транспорт

Базар-Коргон – Арстанбап жолу сел калдыктарынан тазаланды

Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун бир нече тилкесинде сел жүрүп, кум, шагылдар жолду бөгөп калган. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук админстрациясынан билдиришти. Сел 12-июлда болжол менен кечки саат 20:15тер чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин орун алган. Анда райондун Кеңеш айыл аймагына караган Кекилик тилкесинде кокту-колоттордон келген сел

Сапар Акунбеков
Жарым жылда тамактануучу жайларга 7,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

Коом

Жарым жылда тамактануучу жайларга 7,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

2026-жылдын алты ай аралыгында Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак-аш гигиенасы боюнча 495 протокол түздү. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына ылайык, жалпы суммасы 7 миллион 458 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 35 объектинин иши убактылуу токтотулду. Белгилей кетсек, Кыргызстанда

Сапар Акунбеков
Чүйдө 390 млн долларга 14 долбоор ишке ашырылат

Экономика

Чүйдө 390 млн долларга 14 долбоор ишке ашырылат

Президентинин тапшырмасынын негизинде Чүй районундагы өнөр жай аймактарын өнүктүрүү маселелери боюнча көчмө кеңешме өттү. Иш-чаранын алкагында жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай аймагын түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таныштырылды. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жалпы аянты 202 гектарды

Сапар Акунбеков
“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

Экономика

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Сапар Акунбеков
Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Коом

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга

Сапар Акунбеков
Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Коом

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62

Сапар Акунбеков
Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Коом

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулуп жаткан Миң-Жар каналы райондогу сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – буга чейин сугат суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай

Сапар Акунбеков
Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Транспорт

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо уланууда.  Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 23-26-июнда ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси оңдолгон.  Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин

Сапар Акунбеков
Кыргызгидромет кызматы: Абанын табы 43° жогорулашы күтүлөт

Коом

Кыргызгидромет кызматы: Абанын табы 43° жогорулашы күтүлөт

14-18-июлдарда Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, 16-18-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде 41…43° жогорулашы күтүлөт.  Мындай кургак ысык

Сапар Акунбеков