Сапар Акунбеков

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Коом

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Аталган факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында филармониянын мурдагы

Сапар Акунбеков
18-22-июнь аралыгында өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Коом

18-22-июнь аралыгында өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүндөн баштап 22-июнга чейин күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. «Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт», – деп кошумчалады министрликтен. Эске салсак, быйыл республиканын аймагында жаан-чачын көп болуп, сел

Сапар Акунбеков
Кыргызстанда заманбап “Карантиндик аймак” борбору курулат

Коом

Кыргызстанда заманбап “Карантиндик аймак” борбору курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу  Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия падышачылыгынын ортосундагы гранттык макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан карантиндик аймакты куруу жана жабдуу

Сапар Акунбеков
Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болду

Саясат

Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болду

18-июнда, Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун жана Албаниянын президенти Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына караганда, “Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, 40 этно жоокер турушту. Лидерлер саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун рота командиринин рапортун

Сапар Акунбеков
Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Коом

Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй облусу боюнча Жайыл райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Кара-Балта дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн эскиздик долбоор иштелип чыкты.  Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул ирет Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта дарыясынын

Сапар Акунбеков
Албаниянын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат

Албаниянын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди

Албаниянын президенти Байрам Бегай 17-июнда, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аба майданына конду.  Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой

Сапар Акунбеков
Бишкекте көп функционалдуу аянтча пайдаланууга берилди

Коом

Бишкекте көп функционалдуу аянтча пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп бүткөрүлгөн көп функционалдуу аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаар башчысы Айбек Жунушалиев мындай объектилерди куруу өсүп келе жаткан муун үчүн заманбап спорт менен машыгууга жана активдүү эс

Сапар Акунбеков
Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

Коом

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык объекттин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады.  УКМКнын маалымат кызматынын айтымына караганда, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын 7-кичирайонунда шаардагы турак

Сапар Акунбеков
Эл артисти Улукмырза Полотов каза болду

Коом

Эл артисти Улукмырза Полотов каза болду

Эл артисти, опера ырчысы Улукмырза Полотов 83 жашында каза болду. Бул тууралууэстрада ырчысы Сыймык бейшекеев билдирди. Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган. Фрунзедеги Искусство институтун аяктаган соң Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти катары таанылган.  1994–жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы

Сапар Акунбеков
Алдамчылык жолу менен 7,8 млн сомго ээлик кылган жаран кармалды

Коом

Алдамчылык жолу менен 7,8 млн сомго ээлик кылган жаран кармалды

Алдамчылык жолу менен 7,8 миллион сомго ээ болуп, SIM-карталарды активдештирүүчү жана дропперликке шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин юасма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып,

Сапар Акунбеков
Документтери жок ишмердүүлүк жүргүзгөн май куюучу жайдын иши токтотулду

Коом

Документтери жок ишмердүүлүк жүргүзгөн май куюучу жайдын иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүп келет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жайгашкан “Партнер Нефть” май куюучу станциясынын №1 тилкеси тиешелүү архитектуралык-долбоорлоо

Сапар Акунбеков
Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат

Транспорт

Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат

Жаңы “Ош” базары менен “Батыш” автобекетине алып баруучу жаңы жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул жаңы салынып жаткан жол Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чыгат. Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 800 метрди түзөт. Долбоордун алкагында жаңы “Ош” базарына жана

Сапар Акунбеков