Транспорт
Түндүк айланма жолундагы иштерге текшерүү жүргүзүлдү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин буйругуна ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Алматы – Бишкек – Ташкент унаа жолунун 230,7 – 255,0-чакырымын жана Бишкек – Балыкчы –Нарын– Торугарт унаа жолунун 0 – 9,1-чакырымын (Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу) бөлүгүн реконструкциялоо долбоорунда мониторинг жүргүзүлдү.