Улуттук банк SupTech технологияларын 2031-жылга чейин өнүктүрөт
Кыргызстандын Улуттук банкы көзөмөл технологияларын (SupTech) 2026–2031-жылдарга өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитти. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, мындай программалар дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн финансылык жөнгө салуучу органдарында ишке ашырылып жатат жана жөнгө салуу практикасын өнүктүрүүнүн жалпыга бирдей кабыл алынган стандарты болуп калды.
Кыргызстанда программа маалыматтарды чогултуу жана талдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, санариптик инструменттерди киргизүүнү, электрондук лицензиялоону, процесстерди автоматташтырууну жана маалыматтарды башкаруунун корпоративдик системасын түзүүнү камтыйт. Ошондой эле кызматкерлердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү жана кибертуруктуулукту күчөтүү каралган.
Билдирүүгө караганда, программа өзгөчө банк сектору үчүн маанилүү. Санариптик инструменттерди киргизүү банктардын Улуттук банк менен лицензиялоо, көзөмөл жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү талаптарын сактоо боюнча өз ара иштешүүсүн тездетүүгө багытталат.
Мындан тышкары, бирдиктүү санариптик стандарттарды киргизүү көзөмөлдөнүүчү уюмдардын маалыматтык системаларын Улуттук банктын инфраструктурасы менен интеграциялоону жеңилдетет.