АӨБ миссиясы банктар менен жолугушту
Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоору боюнча орто мөөнөттүү миссиясынын алкагында "Элдик Банк" жана "АБанк" жетекчиликтери менен жумушчу жолугушуулар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууларга АӨБдүн жана аталган бөлүмдүн жана өнөктөш финансылык институттардын өкүлдөрү катышты. Тараптар долбоорду башкаруу, мониторингдөө, кредиттик ресурстарды жайгаштыруу жана мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана айыл чарба өкүлдөрүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга бурулду.
Жыйынтыгында тараптар долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу жана бенефициарлар үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.