Улуттук банк борбордук банктардын региондук тегерек столуна катышты

Улуттук банк борбордук банктардын региондук тегерек столуна катышты

18-сентябрда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн борбордук банктардын жетекчилеринин биринчи региондук тегерек столуна катышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Грузиянын Улуттук банкы тарабынан J.P. Morgan банкы менен биргеликте уюштурулган.

Жыйында регионалдык макроэкономикалык абал, акча-кредит саясаты, геосаясий шартта активдерди жана эл аралык резервдерди башкаруу, жергиликтүү капитал рынокторун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле борбордук банктардын өкүлдөрү глобалдык экономикалык тенденциялар боюнча пикир алмашып, баа жана финансылык туруктуулукту камсыздоо тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда