Улуттук банк эл аралык HR-тренинг ретритин өткөрдү

Улуттук банк эл аралык HR-тренинг ретритин өткөрдү

Улуттук банк 15-17-сентябрда "Кызматкерлерди окутууда жана кесиптик өнүктүрүүдө HR ролу" темасында эл аралык көчмө HR-тренинг ретритин уюштурду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Германиянын Deutsche Bundesbank, Венгриянын Magyar Nemzeti Bank борбордук банктарынын, ошондой эле Грузия, Азербайжан жана Армениянын борбордук банктарынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар кызматкерлерди окутуу тажрыйбасы, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча пикир алмашты. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, келечектеги кызматташуунун багыттары аныкталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды

Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды

Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районундагы Кызыл-Тал айылында жайгашкан "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалымдалгандай, чарба жыл сайын 300 тоннадан ашык сүт өндүрөт. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылган. Атап айтканда, "Ёлочка" саан аппараттары,

Ишкер Media
КРнын Президенттигине талапкерлерге кол топтоо “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

КРнын Президенттигине талапкерлерге кол топтоо “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жоболор бекитилди. Жобого ылайык колдорду чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын

Ишкер Media
Ош облусунда "Ала-Тоо Амир" ишканасына 34,2 млн сомдук линия берилди

Ош облусунда "Ала-Тоо Амир" ишканасына 34,2 млн сомдук линия берилди

Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев "Ала-Тоо Амир" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Ишкана "Аймактык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында "Сүт азыктары" кошумча нарк чынжырынын агрегатору катары иш алып барат. Негизги багыты - табигый сүттөн улуттук суусундуктарды жана түштүк

Ишкер Media
Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту

Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын CNPC жана Sinopec компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, мунай кендерин чалгындоо жана иштетүү, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мунай продуктуларын өткөрүүчү куур куруу долбоорлору талкууланды. Акунбеков президент

Ишкер Media