Банктарга эскилиги жетпеген чет элдик валютаны сыртка чыгарууга уруксат 2027-жылга чейин узартылды

Банктарга эскилиги жетпеген чет элдик валютаны сыртка чыгарууга уруксат 2027-жылга чейин узартылды

Кыргызстандын коммерциялык банктарына эскилиги жетпеген нак чет өлкө валютасын өлкөдөн сыртка алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү 2027-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банктан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мурдагы токтомдогу “2026-жылдын 1-октябрына” деген мөөнөт “2027-жылдын 1-апрелине” деп өзгөртүлдү. Өзгөртүү токтомдун 1- жана 4-пункттарына киргизилди. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Улуттук банктын тиешелүү башкармалыктары токтом күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде аны КРдагы коммерциялык банктарга, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга, алмашуу бюролоруна жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирүүгө тийиш.

Бул жерде эскирбеген АКШ долларлары, башкача айтканда, физикалык абалы жакшы болгон банкноттор жөнүндө сөз болуп жатат. Эскирген купюралар жана эски үлгүдөгү долларлар үчүн өзүнчө тартип каралган.


Накталай долларларды өлкөдөн чыгарууда банктар терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча мыйзам талаптарын, анын ичинде эл аралык санкциялардын колдонулушу боюнча тобокелдиктерди эске алууга милдеттүү. Ар бир мындай операциядан кийин коммерциялык банк эки жумушчу күндүн ичинде Улуттук банкка отчет берүүгө тийиш.

Улуттук банк буга чейин накталай валютаны өлкөдөн чыгарууга байланыштуу ушундай механизмдерди киргизгенде, муну банктардын кассаларында топтолуп калган долларлык накталай каражаттардын запастарын башкаруу жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media