Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзгөн төрт жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, А.Н.Р., А.у.А., Е.Б.К. жана Ш.Н.К. аттуу жарандардын ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынган. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 70 миң сомду түздү.

Улуттук банктын лицензиясы жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүгө мыйзамдарда тыюу салынат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды