Улуттук банкта ишкер аялдарды каржылоо боюнча Хартияга кол коюлду

Улуттук банкта ишкер аялдарды каржылоо боюнча Хартияга кол коюлду

Бүгүн Улуттук банкта ишкер аялдарды каржылоо кодексин ишке ашыруу боюнча Улуттук Хартияга кол коюлду. Документке Улуттук банк жана Кыргызстандын банктар союзу кол коюшту.

Аял ишкерлерди каржылоо кодекси (WE Finance Code) - аялдар жетектеген чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейтүүгө багытталган эл аралык демилге. Кыргызстанда ал Улуттук банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана банктар союзунун биргелешкен аракети менен ишке ашырылууда.

Хартия Кодексти ишке ашыруунун негизги жолдорун, катышуучулардын өз ара аракетин жана маалымат чогултуу тартибин аныктайт.Учурда Кодекске 24 катышуучу кошулду: 12 банк, 10 микрофинансылык уюм, Кепилдик фонду жана Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы. Алар лидерлик, аракет жана маалымат деген үч багыт боюнча милдеттенме алышты.

Иш-чарага Экономика министрлиги, ЕРӨБ, Кепилдик фонд жана каржы секторунун өкүлдөрү катышып, аялдардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Улуттук банк буга чейин "аялдар ишкердиги" түшүнүгүн мыйзамдарга киргизип, март айынан тарта гендердик маалыматтарды чогулта баштаган.

Хартияга ылайык, Улуттук банк - улуттук лидер жана маалымат агрегатору, Банктар союзу - улуттук координатор болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media