BAKAIдан “Жылуу үй”: баасы жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай үчүн жеңилдетилген насыялоо

BAKAIдан “Жылуу үй”: баасы жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай үчүн жеңилдетилген насыялоо

BAKAI ESG багытын өнүктүрүүнү улантып, Бишкек шаарындагы жана ага жакын райондордогу жеке үйлөрдүн жашоочуларына арналган “Жылуу үй” жеңилдетилген каржылоо программасы боюнча пайыздык ченди төмөндөттү. Эми жылытуу жана абанын сапатын жакшыртуу үчүн энергияны үнөмдөөчү заманбап чечимдер жылдык 6% чен менен мурдагыдан да жеткиликтүү болууда.

Бул программа BAKAI Банкы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен биргеликте ишке ашырып жаткан "Абанын сапатын жакшыртуу" ESG-долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

 “Жылуу үй” деген эмне?

 “Жылуу үй” - өз үйүн ыңгайлуу, энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза кылууну каалаган жашоочуларды колдоого багытталган программа. Каржылоону заманбап жылытуу жана энергияны үнөмдөө системаларын сатып алууга жана орнотуу үчүн жумшоого болот.

 Программанын алкагында төмөнкү чечимдер жеткиликтүү:

• ар кандай конфигурациядагы жылуулук насостору;
• электр от казандары жана инфракызыл керамикалык жылыткычтар;
• жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн күн жылуулук коллекторлору;
• күндүн фотоэлектрдик панелдери жана энергия топтоочу системалар;
• башка экологиялык таза жылытуу системалары.

 Программанын шарттары:

• каржылоонун суммасы - 10 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин;
• каржылоо мөөнөтү - 3 айдан 60 айга чейин;
• валютасы - кыргыз сому;
• пайыздык чен - жылына 6%.

Программа Бишкек шаарындагы жана ага жакын жайгашкан райондордогу жеке үйлөрдүн жашоочуларына багытталган. Бул аймактарда абанын сапаты жана жылытуунун натыйжалуулугу өзгөчө актуалдуу маселелер болуп саналат.

"BAKAI адамдарды колдоого жана туруктуу келечекти түзүүгө багытталган ESG-демилгелерди ырааттуу өнүктүрүп келет. “Жылуу үй” программасы жашоочуларга жылытуу үчүн заманбап чечимдерди колдонууга, жашоо шарттарын ыңгайлуу кылууга жана ошол эле учурда абанын сапатын жакшыртууга өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет", - деп белгилешти BAKAI Банктын өкүлдөрү.
BAKAI Кыргызстандын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жеткиликтүү каржылоону, экологиялык демилгелерди жана заманбап ESG-ыкмаларын айкалыштырып, туруктуу каржылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантып келет.

Толугураак:https://bakai.kg/credits/green/warm-home/

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media