Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө баа берүү боюнча ички жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү өзгөртүү Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы токтому менен бекитилген жобого киргизилди.

Жаңы талаптарга ылайык, банктар тобокелдиктерди баалоодо күнүмдүк ишинде туш болгон тобокелдиктердин бардык түрүн эске алышы керек. Анын ичинде сандык баа берүү татаалыраак болгон абройго шек келтирүү жана комплаенс тобокелдиктери да камтылат.

Маалыматка караганда, банктар капиталдын жетиштүүлүгүнө келечектеги баа берүүдө өз стратегияларын ишке ашыруудан же операциялык чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди да эске алууга тийиш. Алардын катарына:

·       климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер;
·       криптовалюталык активдерге байланыштуу тобокелдиктер;
·       банктын чет мамлекеттеги филиалынын ишине байланыштуу тобокелдиктер ж.б кирет.

Бул тобокелдиктер банктык тобокелдиктердин өзүнчө категориясы катары эмес, кредиттик, рыноктук, операциялык, өлкөлүк, комплаенс жана башка маанилүү тобокелдиктердин курамында аныкталып, бааланышы мүмкүн.

Тобокелдиктерди баалоо методологиясы банктардын ички ченемдик документтеринде аныкталат. Ошондой эле банктар башка олуттуу тобокелдиктерге дуушар болуу деңгээлин баалап, аларды жабуу үчүн капитал бөлүүгө тийиш. Мында чет мамлекетте иш алып барган банк филиалына байланыштуу тобокелдиктер да эске алынат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media