Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев 24-25-сентябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду уюштурган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, брифингде борбордук банктын акча-кредит саясаты, финансы системасынын туруктуулугу жана институционалдык негизин бекемдөө маселелери талкууланды. Эл аралык резервдерди башкаруу, төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордук банктын санарип валютасына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиева менен жолугушуу өттү. Тараптар дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденцияларды талкуулап, Кыргызстан менен ЭВФтин кызматташтыгын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media
Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмок шаарында таштанды чыгаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, жарандардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада шаарда катуу тиричилик калдыктарын чогултууну "Экологист" ишканасы жүргүзөрү, анын балансында 5 атайын

Ишкер Media
Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө

Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө

Кыргызстанда кунарсыз жерлерди жакшыртуу жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү үчүн аймактарга 186 тоннадан ашык жайыт чөптөрүнүн үрөнү жеткирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө жерлерди үрөн себүүгө даярдоо жана себүү иштери башталат. Жалпы үрөндүн ичинен 20 486 килограммы дражирленип себилет. Дражирлөө - ар бир үрөндү коргоочу

Ишкер Media