Кыргызстанда FinConference2026 өтөт: башкы тема — киберкоопсуздук

Кыргызстанда FinConference2026 өтөт: башкы тема — киберкоопсуздук

Кыргызстан банктарынын бирикмеси - FinConference2026 конференциясына өнөктөштөрдү жана активдүү катышуучуларды чакырууда. Билдирүүгө караганда, иш-чара 2026-жылдын 6-ноябрында Бишкектеги Hyatt Regency мейманканасында өтөт.

Конференциянын негизги темасы – “Киберкоопсуздук, антифрод жана жасалма интеллект: каржы секторун өзгөртүп жаткан технологиялар”.

Кыргызстан банктарынын бирикмесинин маалыматына караганда, иш-чарада санариптик инфраструктураны жана маалыматтарды коргоо, финансылык алдамчылыкка каршы заманбап технологиялар, ошондой эле коопсуздук, тобокелдиктерди башкаруу жана финансылык кызматтардагы жасалма интеллект жана AI/ML чечимдери талкууланышы күтүлөт.

Мындан тышкары, эл аралык тажрыйба жана алдыңкы технологиялык чечимдер кароого алынат.

Конференцияга банктардын жана каржы уюмдарынын жетекчилери, жөнгө салуучу органдардын, финтех жана IT компанияларынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер болуп 250дөн ашуун катышуучу келери пландалган.

Иш-чараны уюштуруучулар - компанияларды жана уюмдарды FinConference2026га өнөктөш жана активдүү катышуучу катары кошулууга чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media
JICA делегациясы “Үмүт үйүнүн” ишмердүүлүгү менен таанышты

JICA делегациясы “Үмүт үйүнүн” ишмердүүлүгү менен таанышты

Кече Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) делегациясы Кыргыз Республикасына болгон сапарынын алкагында   “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине барды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова катышты. Иш сапар JICA тарабынан КРнын социалдык тармагын изилдөөнүн алкагында уюштурулду. Мекемеге

Ишкер Media
Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы комиссиянын жыйыны өттү

Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы комиссиянын жыйыны өттү

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгында Кылмыштуу иш-аракетти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын 19-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин маалыматк ызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйындын башкы темасы - ЕАТтын баалоочулар тобунун эки жумалык көчмө миссиясынын аякташы жана алдын ала отчеттун бет ачары

Ишкер Media
Ош облусунда 304 миң сомдук жашыруун жүк аныкталды

Ош облусунда 304 миң сомдук жашыруун жүк аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик көзөмөл учурунда салык мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалым болгондой, жүк ташуучу унааны текшерүү маалында Салык кызматы тарабынан коюлган расмий контролдук пломба бузулуп, үзүлгөнү аныкталган. Мындан тышкары айдоочу эсепке алынбаган товарды жашырып өтүүгө аракет кылган. Аныкталган жүктүн жалпы баасы

Ишкер Media