Улуттук банк исламдык каржылоодо “кемүүчү мушарака” механизмин кеңейтти

Улуттук банк исламдык каржылоодо “кемүүчү мушарака” механизмин кеңейтти

Улуттук банк Башкармасы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун кабыл алды. Анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине байланыштуу ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилген.

Аталган токтомдо “шарика/мушарака” жана “кемүүчү мушарака” келишимдеринин шарттары такталган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “шарика/мушарака” келишими өнөктөштөр биргелешип сатып алган мүлккө да түзүлүшү мүмкүн. Ал эми “кемүүчү мушаракада” өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн мүлктөгү же өнөктөштүктөгү үлүшүн акырындык менен сатып алып, акырында анын толук ээси боло алат.

 Мындай келишимде төлөмдөрдүн өлчөмү, төлөө тартиби жана мөөнөтү так көрсөтүлүүгө тийиш. Келишим жазуу жүзүндө же санарип документ түрүндө түзүлөт. Мыйзамда каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.

Документте мүлктү пайдалануу, камсыздандыруу жана тейлөө чыгымдары боюнча тараптардын жоопкерчилиги да белгиленди. Чыгымдар өнөктөштөрдүн мүлктөгү үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле өнөктөш банктын же финансылык-кредиттик уюмдун мүлктөгү үлүшүн пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөйт. Ал эми өнөктөш банктын же ФКУнун үлүшүн сатып алган сайын ижара акысынын өлчөмү пропорционалдуу азаят.

 Жаңы талаптар боюнча өнөктөш мүлктүн 20% же андан көп үлүшүн сатып алгандан кийин, тиешелүү үлүшкө менчик укугу ага өткөрүлүшү мүмкүн. Мүлк мыйзамдарга ылайык күрөө катары да колдонулушу мүмкүн.

 Өзгөртүүлөр Улуттук банктын 2026-жылдын 24-сентябрындагы токтому менен бекитилип, 2026-жылдын 13-декабрынан тартып күчүнө кирет. Алар коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга тиешелүү.

Мындан тышкары окуңуз

1-октябрда товарлардын калдыктарын системага киргизүү мөөнөтү аяктайт

1-октябрда товарлардын калдыктарын системага киргизүү мөөнөтү аяктайт

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-октябрында товарлардын калдыктарын товарларга байкоо жүргүзүү системасына киргизүү мөөнөтү аяктай тургандыгын эскертти.   Билдирүүгө караганда, белгиленген мөөнөткө чейин байкоо жүргүзүлүүчү товарларды саткан салык төлөөчүлөр системага товарлардын калдыктары тууралуу маалыматтарды киргизиши керек. Тактап айтканда, байкоо жүргүзүлүүчү товарларга төмөнкүлөр кирет: -           тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтар; -           кир жуугуч машиналар;

Ишкер Media
Дордой конушунда 570 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду

Дордой конушунда 570 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкектеги Дордой конушунда, №94 мектептин жанына 570 орундуу жаңы корпус курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалым болгондой, жаңы корпуста эки нөөмөттө 1000ден ашуун окуучу билим ала алат. Курулуш 2026-жылдын февралында башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Жалпы аянты 1810 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имарат

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ганага расмий сапар менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ганага расмий сапар менен барат

30-сентябрдан 1-октябрга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гананын Тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын чакыруусу менен Ганага расмий сапар жасайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, сапарда кыргыз-гана саясий консультациялары өтүп, эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык маселелер талкууланат. Жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар

Ишкер Media
Кыргызстанда 6 миңден ашуун жумушсуз жаран кесиптик окуудан өттү

Кыргызстанда 6 миңден ашуун жумушсуз жаран кесиптик окуудан өттү

Кыргызстанда сентябрь айына чейинки отчеттук мезгилде 6 миңден ашуун жумушсуз жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулуп, сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова басма сөз жыйынында билдирди. Адистин айтымында, окутуу республикалык бюджеттин жана донордук долбоорлордун алкагында жүргүзүлүүдө. Жарандар

Ишкер Media