2 акча алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду

2 акча алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларынын аракетин убактылуу токтотту.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар:

- “Лекс Финанс” ЖЧКнын алмашуу бюросу. Лицензиясынын аракети 2026-жылдын 30-сентябрынан тартып 2026-жылдын 4-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду;

- “Алинур кейджи” ЖЧКнын алмашуу бюросу. Лицензиясынын аракети 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 2026-жылдын 3-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына чейин токтотулду.

Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясынын негизинде, акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 892 алмашуу бюросу бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Алмашуу бюросу - бул КРнын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт болуп саналат. Акча алмашуу ишмердүүлүгү менен атайын лицензияга ээ болгон юридикалык жактар гана алектене алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media