Бир кредиттик союзга 55 миң сом айып пул салынды

Бир кредиттик союзга 55 миң сом айып пул салынды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Ысык-Көл облусундагы бир кредиттик союзга 55 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда айып пулду Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы салган. Бирок кайсы кредиттик союзга карата чара көрүлгөнүн ачыктаган жок.

2026-жылдын 4-августуна карата Кыргызстандагы кредиттик союздардын реестринде 68 уюм катталган. Алардын төртөө Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Кредиттик союз — өз мүчөлөрүнүн жеке аманаттарын бириктирип, аларды өз ара кредиттөөгө пайдаланган финансы-кредиттик уюм. Мындан тышкары, кредиттик союздар башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык кызматтарды көрсөтө алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова сыйланды

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова сыйланды

Кече, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы менен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, сыйлоо аземине Кыргызстандын курама командасынын үч спортчу - Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова катышты. Грек-

Ишкер Media
“Асман Эйрлайнс” авиабилеттердин баасы эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

“Асман Эйрлайнс” авиабилеттердин баасы эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

“Асман Эйрлайнс” ички каттамдардагы авиабилеттердин баасы кандайча түзүлөрүн түшүндүрдү. Компаниянын маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери авиациялык күйүүчү майдын баасы КНСти эске алуу менен 95,7%га өскөн. Ушундан улам күйүүчү майга кеткен чыгымдардын компаниянын операциялык чыгымдарындагы үлүшү 60%дан 73%га чейин көбөйгөн. Мындан тышкары, учактарды техникалык тейлөөгө кеткен

Ишкер Media
Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media